Марал Радиосу

Аткезчилик менен ташылган трикотаж буюмдары аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы аткезчилик менен эл колдонуучу товарлар алып келингенин аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун аймагында Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы наркы 2 млн 390 750 сомду түзгөн Өзбекстандан трикотаж буюмдары жана парфюмерия түрлөрүн мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.