Марал Радиосу

Бишкек ЖЭБинде уурулук болгон

Бишкек жылуулук борборун курууда уурдоолор болгон. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде билдирди. Анда ал кыргыздар жемейинче тура албастыгын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

-Шайтандын чоңунан эмес кичинесинен корк дейт. Аттиштерди кымбат баага сатып алышыптыр. Анча-мынча жерден уурдашкан. Бирок буга Сапар Исаковдун эч кандай күнөөсү жок да.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-январга чейин камакта калтырды.