Марал Радиосу

Адам укуктарынын декларациясына 70 жыл

Бүгүн, 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына туура 70 жыл толду. 30 беренеден турган декларацияга Кыргызстан 1994-жылы кошулган. Андан бери мамлекет 7 эл аралык конвенциянын катышуучусу болуп, учурда сегизинчи конвенцияга кошулуунун алкагында иштер жүрүүдө. Декларациянын 70 жылдыгына арналган иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышты.

1948-жылы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Ал эми Кыргызстан 1994-жылы Орто Азия чөлкөмүндө биринчи болуп декларацияга кошулган. Андан бери эгемендүү Кыргызстан 7 эл аралык конвенциянын катышуучусу болуп, учурда сегизинчи, тагыраагы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу боюнча конвенцияга кошулуу аракеттери жүрүүдө. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов акыркы учурда аларга келген кайрылуулардын саны көбөйгөнүн белгилейт. Аны ал элдин аларга болгон ишеничи менен байланыштырат.

-Акыркы 3-4 жылга мамлекет жакшы кадамдарды жасай алды. Мисалы, биздин борбор ачылды. Башкы прокуратурада кыйноолорго каршы атайын бөлүм ачылды. Стамбулдук протоколду колдонуу боюнча практикалык колдонмо бекитилди. Азырынча орто, башкача айтканда, “+3” деген баа бермекмин.

Бирок Кыргызстан адам укуктары же демократия принциптеринде бийлик алмаштыруу жагынан эле үлгү болбосо, азырынча аткарыла турган иштер көп дегендер да бар. “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова азырынча жакшы деген баа берүүдөн карманат.

Демократиянын өнүгүүсүндө Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бийлик алмаштыруу жагынан жогорку көрсөткүчтө турат. Бул салыштырмалуу жакшы десек болот. Бирок чын-чынына келгенде, жалпысынан абал орто. Жасай турган иштер көп. Бүгүн эми майрам. Ошондуктан бул майрам кийинчерээк чыныгы майрам болуп бир гана укук коргоочулар эмес, мамлекеттик кызматкерлер да майрамдай турган учурга келебиз деп үмүт кылам.

Адистердин айтымында, адам укуктары көбүнесе ИИМ кызматкерлери тарабынан тергөө учурунда катталат. Ошондой эле соңку учурларда балдардын укугу, өзгөчө мигранттардын балдарынын укугу бузулган учурлар арбыды. Мындан улам Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен балдар жөнүндө кодеси бар жалгыз өлкө болсо да, укук бузуулар тыйылбай келет. Анткени 260 миңге жакын бала мигранттын балдары экенин “Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова айтты.

-КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Кыргызстанда балдар жөнүндө кодекс бар. Ал эми социалдык коргоо системасы эл аралык стандарттарга жакындап келе жатат. Тилекке каршы, миграциянын кесепетинен балдардын укугу бузулган учурлар көп катталууда.

Укук коргоочулардын айтымында, адам укуктарынын сакталышынын критерийлери ошол өлкөдөгү Акыйкатчы институтунун же башка түрдөгү адам укугун коргоо боюнча уюмдардын ишмердүүлүгү менен өлчөнөт. Кыргызстан ал ченемдер боюнча Б группасына кирет. Акыйкатчы Токон Мамытов: «А группага жетүү үчүн ал өлкөнүн Акыйкатчы институту толук көз карандысыз жана каржы маселеси камсыздалышы абзел»,-дейт.

Декларациянын кабыл алынышынын 70 жылдыгы, Конституциянын 25, парламенттин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгы менен бирге белгиленди. Адам укуктарынын корголушунда баш мыйзамдын, парламенттин да орду чоң экенин белгилеген президент Сооронбай Жээнбеков адам укуктарынын жалпы декларациясынын менталитеттеги баалуулуктарга шайкештигин айтты.

Декларацияда камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай, бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары—биздин ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуулуктар менен үндөш. Ар бир инсандын ар-намысын сыйлоо, балдардын, аялдардын укугун коргоо — илгертен келе жаткан тарыхый мурасыбызды, улутубуздун рухий дөөлөттөрүн сактоо менен барабар. Ошондуктан биз — Кыргызстандын эли, 1994-жылы, Орто Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулганбыз. Андан бери чейрек кылым убакыт өттү. Адам укуктарын коргоо — ошол бойдон биздин мамлекеттин негизги милдети катары сакталып келет.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жалпы декларациясы 1948-жылдын дал ушул күнү Парижде, Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган. Ал 30 беренеден турат.

 

Exit mobile version