Марал Радиосу

Арменияда Пашиняндын “Менин кадамым” альянсы жеңди

Арменияда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы жеңди. Аны добуш берүүчүлөрдүн 61,64 пайызы колдоду. Анын негизги атаандашы эсептелген Гагик Царукяндын “Гүлдөгөн Армения” партиясы 13,7 пайыз добуш алды.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала жыйынтык боюнча Пашинян алдыда экенин айтууда.

Белгилей кетсек, 9-декабрда Арменияда биринчи жолу өлкө тарыхында мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өттү. Анда эки блок жана 9 партия катышты.