Марал Радиосу

Президент: Байлыктарын жакындарына каттаткан система токтойт

9-декабрь Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү жасады.

Коррупция менен күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеген президент бул саясаттын негизги принциптери-мыйзам үстөмдүгү жана акыйкаттык экенин белгиледи.

“Карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, бир жыл ичинде көп иштер жасалды. Башкы көңүл коррупцияны жараткан себептерди жоюуга бурулууда. Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып,  жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык”,-деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле бул багыттагы күрөштө жарандык коомдун активдүүлүгүн белгилеген.