Марал Радиосу

Конституциянын 26 жылдыгына карата Мирзиеев абактагы 136 кишиге ырайым кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Конституциянын кабыл алынганынын 26 жылдыгына карата 136 соттолгон кишиге ырайым кылды. Мирзиеевдин 7-декабрда кол койгон буйругуна ылайык, 98 киши эркиндикке чыгат. Маалыматка ылайык, ырайым кылынгандардын 62 тыюу салынган уюмдардын мурдагы өкүлдөрү болгон.

Эске салсак, өткөн жылы президент 2700 кишиге ырайым кылган. Ал ушул жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 261 кишиге ырайым кылган.

Exit mobile version