Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы линиясын куруудагы акча каражаттарын текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссиянын курамы бекитилди. Бул топ аталган долбоордогу акча каражатынын колдонуунун ачык-айкын жүрүп жатканына мониторинг жургүзөт. Топтун курамына Абдувахап Нурбаев, Аида Касымалиева, Мухтарбек Айнакулов, Максат Эгембердиев, Умбеталы Кыдыралиев, Закир Шарапов, Курманкул Зулушев,Азизбек Турсунбаев, Данияр Төлөнов,Исхак Масалиев, Бактыбек Турусбеков,Каныбек Иманалиев кирди. Эми бул топ алгач комиссиянын төрагасын аныкташат жана андан соң иликтөө иштерин башташат.
Бул курам «Датка-Кеминдин айланасында буга чейин айтылып келген жемкорлукту канчалык ачыктай алат? Бул тууралуу “Күн чекит” программасында Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев айтып берди.
—Датка-Кеминдин айланасында ар түрдү кептер айтылып жүрөт. Жеке сизде кандай маалыматтар бар?
—Чындыгында бул долбоордун мааниси алдан чоң. Себеби электр энергияны пайдаланууда коңшу мамлекеттерге көр карандылык жоюлаары айтылган. Ошондуктан бул долбоорду биз колдогонбуз. Бирок аны курууда аябагандай көп мыйзам бузууларболду. Эң эле биринчиси ЖЭБдиги кырдаалдай долбоордун техникалык негиздемеси болгон эмес. Насыялык негизде алынган акчанын 404млн долларына “Датка-Кемин” турган, калган 89 млн доллар “Кемин ЛЭП 500гө” сарпталган. Ошону менен жалпы 600 млн долларга бул жогорку чыңалуудагы линия курулуп жатат. Кенкет 600 млн долларды насыяга алдык. Эми аны 800млн доллар кылып кайтарып беришибиз керек.
-Бул долбоор сиз айткан 600млн долларга татыктуу эле бүттүбү же сол чөнтөккө солонган жактар чыны менен эле барбы?
—Чындыгында “Датка-Кемин”50-60 пайызга кымбат курулган. Линиянын бир чакырымы эле 1,5 млн долларга айланган. Дүйнөлүк практиканы карасак, 600-700миң доллар кетиши керек эле. Ошонун негизинде бул жерде 140-150млн доллар кымбатка туруп калды. Бул жерде Кытайлык компания каалгандай эсептеп койгондой…
-Эми ошол ашык кетти делген чыгымдарды депутаттык комиссия аныктап чыга алабы?
—Мен дагы депутаттык комиссия түзүлдү деген эле дароо круманын карап чыктым. Ал жерге күчтүү депутаттар кириптир. Эми бул топ катуу иштесе сөзсүз жыйынтык чыгат. Кымбат эсептелип калган иштердин баарын коомчулукка айлып чыгат деп ишенем. Анткени Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түзүлгөн Өкмөттүк комиссия эч нерсе кылалбаганда, депутаттык комиссия жакшы жыйынттык чыгарып койду. Демек бул жолу дагы ушундай болооруна ишеним артып туралы. Эгер кылдаттык менен иш алып барылса, аябагандай көп мыйзам бузууларды таап чыкса болот.
-Стратегиялык маанидеги долбоордо ызы-чуу менен коштолгон Кытайлык TBEA компаниясынын аты аталып жатат. Эмне үчүн Кыргызстан бир гана ушул компанияны тапдап келет?
—Чындыгында бул компания менен бир катар долбоорду ишке ашыруу боюнча мурунтан эле сүйлөшүүлөр болгон. Бул жерде саясий пара алуу менен макулдашкан болушу мүмкүн. Муну саясий пара деп коюшат. Эми бул иштерге кимдин аралашканын азыр көрүп жатабыз. Мурунку премьер-министрлер, мурунку министрлер камалып отурушат. Бул иштер ачыкталса, дагы эркиндикте жүргөн бир топ чиновниктерди темир тор артына кетет. Экинчи жагынан аларга ошол насыяны төлөтүп алышыбыз зарыл. 800 млн долларды Электр станциялар ААК төлөй албайт да. Ошондуктан алардан өндүрүшүбүз керек.
-Маегиңизге рахмат!