Марал Радиосу

Үметалиев: Демократияны элге таанытууну каалаган күчтөр аздык кылат

Учурда демократияны изилдеп, анын негизинде жетишкендиктерге ээ болгон өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп элге таанытууну каалаган күчтөр аздык кылат. Мындай пикирин Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү саясий курам «жаңы демократияны көздөгөн топтор» деп көп таанылбайт.

«СССРдин идеологиясын көбүрөөк сиңирип алгандар мурдагы авторитардык лидерлерден үлгү алгысы келген саясий топтор көбүнчө чечим чыгаруучулар болуп турат. Ар бир адамдын кылган иши канчалык ачык же көмүскө экени анын ниетине жараша болот. Элден көмүскө болсо анда элке каршы деген ой кетет», — дейт Үметалиев.