Марал Радиосу

8-декабрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

8-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймакта кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн -4…-6, күндүз +7…+9.