Марал Радиосу

АКШнын БУУдагы жаңы элчисинин аты аталды

АКШнын тышкы саясаттагы кызыкчылыгын эми Хизер Науерт коргойт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Науерттин аты буга чейин да бул жогорку дипломатиялык кызматка байланыштуу аталып жаткан. Эми ал Американын Бириккен улуттар уюмундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалмай болду. Азырынча Мамлекеттик департамент бул тууралуу үн ката элек. Алар аталган талапкерди парламентке сунуштап, сенат жактырган соң гана расмий түрдө жарыяланат.

Эске салсак, буга чейинки элчи Никки Хейли сентябрь айында кызматтан кетүү тууралуу президент Дональд Трампка айткан. Бул жаңылыкты Трамп өзү коомчулукка жарыялаган. Ал Никки Хейлинин ишмердигине абдан канааттанганын билдирип, эгер Хейли кааласа ага башка мамлекеттик кызматты сунуштарын билдирген. Хейли болсо дем алууга муктаж экенин айтып, азырынча кызмат албасын айткан. Ал ушул айдын аягында АКШнын БУУдагы элчилигинен кетет.