Биз менен байланышыңыз

“Терек-Сай” кенине жаңы завод салынса 700 жумуш орду түзүлмөк

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2018 | 1253 | 1

Чаткал районундагы “Терек-Сай” кенине жаңы завод салынса 700 жумуш орду түзүлмөк. Бирок кен жергиликтүү элдин нааразычылыгынан улам ишин убактылуу токтотуп турат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жергиликтүү  “Терек-Сай” кенинде түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы иш алып баруусун жергиликтүү эл колдоп чыкканын айтат. Кендин иштешине Терек-Сай аймагынын тургундарынын айрым бөлүгү гана каршы чыгып жатат.

«Тилеккке каршы, завод ишин токтотту. Азыр жергиликтүү эл менен кызматкерлер сүйлөшүп жатат. Маселе чечилгенче кенди убактылуу токтотуп туруш керек. «Эти Бакыр» компаниясы социалдык пакеттен сырткары жакшы жардам берет. Жергиликтүү калк ишканага келип сурма казышкан. Биз жаап салсак да кайра кирип жатышат. Бул чындык. Бирок кооптуу, анткени кенде ири техникалар иштейт. Тургундар бираз күтүп турганда жумуш менен камсыз кылмакпыз. Жумушчулардын айлык акысы да көтөрүлмөк», — дейт Алимбеков.

Анын айтымында, “Терек-Сай” кенинин 25 пайыз акциясы «Кыргызалтынга», 75 пайыз акция түркиялык «Эти Бакыр» компаниясына каралган. «Эти Бакыр» кенди иштетүүгө алган лицензиясы үчүн бюджетке 20 млн доллар төлөп берген. 2017-жылы компания «Терек-Сай» фабрикасын кайра оңдоо үчүн 6,78 миллион доллар, тоо жана геологиялык кен чалгындоо иштери үчүн  — 178,9 млн сом сарптаган. Бүгүнкү күндө ишканада 350дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон. Анын 96 пайызын жергиликтүү калк түзөт. Айлык акылары орточо эсеп менен 22,5 миң сом.

Эске салсак, 5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун  кызматкерлери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15 жергиликтүү тургуну милицияларга карата күч колдонуп, анын кесепетинен кызматкерлердин денесине зыян келтирилген. 6-ноябрь күнү бул факты боюнча Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту шектүү 15 жарандын баш коргоо чарасын карап, алтоосун 1 айга, 9 жаранды 2 айга камакта калтырган.

1 пикир

1 пикир

  1. Майрамбек

    07.12.2018 10:12

    Жомокторду айта баштадыбы дагы? 700 орундуу иштин план проект кана? Корсотсо анан эл ишенетко. Эл менен элдеше албаса ал кандай директор болуп дайындалган? Эл экологиялысы таза, зыянга учурабаган шарттарда жашагысы келет. Ал эми сиздер зыян берип атсанар албетте которулуш кылат. Койчу, бекер созго бекер жооп.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM