Марал Радиосу

Бишкектин Түштүк магистралындагы веложол салынып бүттү

Бишкек шаарынын Түштүк магистралындагы веложол салынып бүттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Веложол жана жөө адамдар үчүн салынган жол Түштүк магистралынын эки жээгине Садырбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин созулат. Анын узундугу 7,2 чакырымды түзөт.

Жолдун четине жарык, 200 отургуч, 400 челек жана эки аялдама орнотулган. Ошондой эле Ала-Арча суусунун үстүнөн эки көпүрө салынган.