Марал Радиосу

Кошумча нарк салыгы иретке келтирилсе 20 млрд сомдон ашык каражат түшөт

Өлкөдө кошумча нарк салыгын иретке келтире албай жатабыз. Ага укук коргоо органдарынын баары аралашып алгандыктан мыйзамдуу ишкердик кылгандар кете баштады. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кошумча нарк салыгы иретке келтирилсе ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 20 млрд сомдон ашык каражат келет.

«Ал каражатты өнүктүрүү фондуна топтоп, экономиканы өстүрүүгө багытталган долбоорлорго жумшайбыз деп сүйлөштүк. Эми өкмөт мунун баарын иштеп чыгып, биринчи кварталда ишке киргизиши керек. Биз аткезчилик жолу менен иштегендерге бейиш кылып жатабыз. Тескерисинче, салык төлөбөгөндөргө тозок кылсак өнүгүү болот. Соода борборлорунун жетекчилери ар бир аткезчиликтин артында чиновниктер турарын айтып эле келет», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү укук коргоо ооргандары биригип алып ишкерлерди коркутуп жатканын, текшерүүлөрдү кыскартып, чыныгы ишкерлерге шарт түзүү зарыл экенин белгиледи.

Exit mobile version