Марал Радиосу

Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-сентябрында кабыл алынган.

Анын максаты биологиялык таштандыларды жыйноонун, жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлерди кармоонун эрежелерин бузуу, ал айматкарга малды жаюу сыяктуу бузууларга административдик жоопкерчилик киргизүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.