Марал Радиосу

Кыргызстандын Кытайдагы жана Моңголиядагы элчиси кызматтан алынды

Кыргызстандын Моңголия жана Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азамат Усенов кызматтан алынды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кошумчалай кетсек, Азамат Усенов аталган кызматка 2017-жылдын 26-сентябрында дайындалган болчу.