Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Мамбетжунушева менен кошо бажы кызматынын статистика бөлүмүнүн башчысы кармалган. Бажы кызматы бул факты боюнча комментарий бере элек.