Марал Радиосу

5-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

5-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн -8…-10, күндүз +5…+7.