Марал Радиосу

Англия: Орусия көзүн ачсын!

Британиянын башкы чалгынчысы Алекс Янгер Орусияга эскертүү берди. Анын пикиринде Кремль Европанын дараметин байкабай, кичине көрүп жатат.

«Москва бизге карата агрессивдүү мамилесинин натыйжасы кандай болорун сезбей жатат. Ар бир кадамы жоопсуз калбайт!»,-деп билдирди Янгер. Британияда ууланган эски орус тыңчысы Сергей Скрипалдын уулануусунун бетип ачкан дал ушул түзүм экенин белгилеген башкы чалгынчы Орусия аларга каршы туруу менен көп нерсе жоготорун эскертти.

Алекс Янгердин билдирүүсүнө Британиядагы орус элчилиги анын жалаалары негизсиз экенин жарыялашты.

Эске салсак, Батыш Европа Орусияны бир катар тыңчылык жана киберчабуулдарга айыптап келет. Скрипаль чуусунан кийин Европадагы бир катар өлкөлөр өздөрүндө иш алып барган Орусиянын элчилерин жана башка дипломаттарын тыңчылыкка шектенип өлкөдөн чыгарып коюшкан. Орус тарап болсо мунун Батышты каптаган «русофобия» оорусунун жыйынтыгы жана ашыкча кооптонуу   экенине ишендирүүдө.