Марал Радиосу

Уланбек Эгизбаевдин китебинин электрондук версиясы чыкты

Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” аталышындагы китебинин электрондук версиясы чыкты. Ал «PDF» форматында.

Китепте журналисттин кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

Ошондой эле кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары ал жөнүндө дилбаяндар, эскерүүлөр, сүрөттөрдү да табууга болот.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.