Марал Радиосу

Туугандары Кытайда камалган мекендештер акыйкатчыга кайрылды

Акыйкатчы Токон Мамытов туугандары Кытайда камалган кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана “тарбия берүүчү” лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.

Мамытов билдиргендей, тийиштүү арыз келип түшкөндөн кийин эл аралык нормалардын алкагында, Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу келишимдердин негизинде чаралар көрүлөт.

 

Exit mobile version