Марал Радиосу

«Манас» аэропортунун жетекчиси кызматтан кетти

«Манас» Эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматтан кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчсы Алия Курбанова кабарлады.

Ал кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган. Анын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалганын аба майдандан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Эмир Чукуев «Манас» Эл аралык  аэропортунун жетекчилигине 2015-жылдын апрель айында келген.