Марал Радиосу

Дүйнөлүк банк майыптар үчүн 10 автоунаа тапшырды

Дүйнөлүк банк Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташуу үчүн 10 атайын автоунаа тапшырды.

Унааларды тапшыруу аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

2019-жылдын башында майыптарды ташуу графиги түзүлөт. Унаалар өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган майыптарга барууга колдонулат.

Белгилей кетсек, 3-декабрь — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү.