Марал Радиосу

Аткезчилик менен ташылган тоок эти табылган

Бажы кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аткезчилик жолу менен ташып келинген тоок этин аныкташты.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча,  28-ноябрда ЕАЭБ аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга, бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп, анда Баткен облусунун Чоң-Талаа айылында, “Асман-ойл” май куюучу жайынын жанында “Мерседес-бенс спринтер 412” унаа  текшерилди.

Анда жалпы салмагы 2 680 кг түзгөн тоңдурулган өрдөктүн жумшак эти табылган. Айдоочу бажылык жактан таризделген товар коштоочу документтерин жана ЕАЭБтин бажы аймагына ташып кирүүнүн легалдуулугун тастыктаган документтери жок болуп чыккан.

Кармалган товардын жалпы суммасы 656 миң 600 сомду түздү. Т.О.Т. аттуу айдоочуга карата чогултулган материалдар мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.