Марал Радиосу

Ноябрда тышкы жана ички карызды тейлөөгө 1,6 млрд сом жумшалган

2018-жылдын ноябрь айында бюджеттик чыгымдарга 11,2 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлайт.

Ал каражаттын ичинен бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына 2 млрд 552 млн сом бөлүнсө,  жөлөк пул үчүн 766 млн сомдон ашык каражат, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 4,7 млн сом бөлүнгөн.

«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 688,7 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө 1,6 млрд сомго жакын каражат жумшалган. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталган.