Марал Радиосу

3-10-декабрда акысыз укуктук кеңеш берилет

Юстиция министрлиги акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасын баштады. 3-10-декабрында өтүүчү декаданын алкагында өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардам берилет.

Жарандар ал үчүн аймактык юстиция башкармалыктардын алдындагы  калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлорго, мамлекеттик нотариалдык кеңселерге, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, айрым укуктук жардам көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар, ЖОЖдордогу юридикалык клиникаларга кайрыла алышат.

Иш-чаранын максаты – калктын аярлуу катмарларын укуктук жактан  корголушун камсыздоо болуп эсептелет.

Exit mobile version