Марал Радиосу

Баткенде муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Баткен облусунун Самаркандек айылындагы «Нур Ислам» мечитинде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 3 каптан көмүр акысыз таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Кайрымдуулук саамалыгы жергиликтүү ишкер Сүйүнбай Ташпулатовдун колдоосу менен уюштурулуп, көмүр Сүлүктүдөн алынып келинген.

Ушундай эле жардамдар айылдагы мечиттерге дагы берилип, бул күнү жалпысынан 25 тоннага жакын көмүр акысыз таратылган.