Марал Радиосу

Мас абалында унаа башкарган 247 айдоочу кармалды

Кыргызстанда өткөн жума ичинде 17 миңден ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалымат боюнча, мас абалында унаа башкарган 247 айдоочу кармалган. Унаа башкарып бара жатып телефон менен сүйлөшкөн 3624 айдоочу, кызыл жарыкка өтүп кеткен 455 жаран, 1600 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган.

Ошондой эле, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миңге жакын айдоочуга айып пул салынды, коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4 миң айдоочуга айып пул салынды, 1066 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.