Марал Радиосу

Кубат Оторбаев “Аю холдингдин” вице-президенти болду

Кыргызстандын мурунку Акыйкатчысы Кубат Оторбаев “Аю холдинг” компаниясынын вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Кубат Оторбаев 2015-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин акыйкатчы болуп иштеген. Буга чейин коомдук биринчи каналды жетектеген.

Ал кыргыз мамлекеттик университетинин “журналистика” адистигин бүтүргөн.

«Аю холдингдин» жетекчилеринин бири Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын аппаратын башкарат.