Марал Радиосу

Комитет “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу тууралуу маалымат угат

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кырсыктардын алдын-алуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Баяндаманы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасыБолотбек Ибраимжанов жасайт.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында мындан тышкары, пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү, туризм жөнүндө мыйзам долбоору каралат.