Марал Радиосу

Келээрки аптада өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызстандын аймагында 3-4-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында туман түшөт, деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Өлкө аймагында 5-6-7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 8-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт, айрым аймактарда абанын температурасы жогорулайт.