Connect with us

Бишкекте «Кыргызстан -кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өтөт

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 593 | 0

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын 8-эл аралык «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 12-декабрда, саат 12:00дө башталат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат.

Бул жылы аталган кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашмакчы.

Тасмалар эл аралык жана улуттук программа боюнча тандалат. Алардын ичинде оюн тасмасы, даректүү тасма, анимациялык жана эксперименталдык жанрлары да бар. Бул жылы фестивалга жергиликитүү жана чет элдик тасма жаратуучулардан 500дөн ашуун арыз келип түшкөн.

15-декабрда «Манас» кинотеатрында жеңүүчүлөр аныкталат. «Мыкты тасма», «Мыкты режиссура», «Калыстардын атайын байгеси», «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган байге» номинациялары боюнча наамдар ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Эске салсак, кинофестиваль 2010-жылы коомдук ишмер, режиссер, продюсер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM