35 миңге жакын кыргызстандык жаран 10-декабрга чейин Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинен» чыгарылат. Бул тууралуу Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов билдирди.
Анын маалыматында, Орусиянын Миграция кызматынын «кара тизмесинде» 70 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар.
Маалым болгондой, ушул жылдын 6 ай аралыгында кара тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган.
Расмий маалыматка ылайык, 750 миң кыргызстандык чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка мамлекеттерде эмгектенишет.