Connect with us

Жээнбеков Дональд Трампка көңүл айтты

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 507 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Америка элине, Джордж Буш-улуусунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM