Марал Радиосу

Бильярдчы Лепшаков дүйнө чемпиондугунда күмүш медал алды

Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярддын эркин пирамида түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду багындырды. Бул тууралуу бильярд боюнча маалыматтык duplet сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, турнир орусиянын Тюмень шаарында өткөн. Мелдешке эркектер арасында 16 өлкөдөн келген 72 мастер катышкан. Лепшаков оюнда 4 атаандашын жеңип, бирөөсүнөн утулуп калган.

Дастан Лепшаков Эл аралык класстагы спорттун чебери. 2014-жылы бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. 2015-жылы чоңдор арасында бильярддын динамикалык пирамида түрүнөн дүйнө чемпиондугун жеңген.