2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 3-8, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Нарын аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү ыктымал. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12°, күндүз 0…-2 градусту түзөт.