Марал Радиосу

Коргоо комитети менен Башкы штабдын жетекчисинин орун басарлары кызматтан четтетилди

Кубанычбек Орозматов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-декабрда кол койду.

Президенттик президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, өлкө башчынын дагы бир буйругу менен Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан четтетилген.

Азырынчы кызматтан бошотуулардын себеби айтыла элек.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Орозматов орун басарлык кызматка 2016-жылы, ал эми Нурбек Дуйшеналиев 2015-жылы дайындалган.