Марал Радиосу

Өзүн-өзү атып каза болгон прапорщиктин жанын кат табылды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын прапорщиги өзүн-өзү атып каза болду. Мындай маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 30-ноябрда түшкө жакын Беловодск айылында жайгашкан №16-түзөтүү колониясынын курал сактоочу жайында орун алган. Анда 1997-жылы туулган прапорщик өзүнүн табелдик куралынан ок чыгарып каза болгон. Маркумдун жанынан кат табылган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү мекемелер териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын айтат.