Марал Радиосу

Улуу Джордж Буш 94 жаш курагында көз жумду

АКШнын мурдагы президенти улуу Джордж Буш 94 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Washington Post гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, азырынча өлүмдүн себеби жарыялана элек.

2012-жылы, АКШнын 41-президенти улуу Джордж Буш ден соолугунда көгөй бар экенин айткан. Анын аялы Барбара Пирс дагы ушул жылдын башында көз жумган эле.

Эске салсак, улуу Джордж Буштун баласы Джордж Буш АКШнын 43-президенти болгон. Дагы башка уулу Флориданын губернаторунун милдетин аткарган.