Марал Радиосу

Аляскада өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

Аляскада катуу жер титирөөдөн улам аймакка өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

РИА Новости кабарлагандай, АКШ президент Дональд Трамп Алясканын жашоочуларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

Трамп 30-ноябрда жер титирөөдөн жабыр тарткан аймактагы кырсыкка байланыштуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга кошумча федералдык жардам көрсөтүүгө буйрук берди.

Жабыр тарткан аймактарды калыбына келтирүү иштери  республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

Эске салсак, 30-ноябрда Аляскада жер силкинип, анын күчү 7,2 баллага чейин жеткен.