Марал Радиосу

Эми Орусиянын эркектери Украинага кире албайт

Ukraine map after Crimean crisis 2014

Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркектерине Украинага кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Украинанын президенти Петр Порошенко Twitter баракчасына жазды.

Порошенко мындай кадам орусиялыктар 2014-жылы эле пландаган иштерин ишке ашырууга жол бербөө максатында жасалып жатканын белгилеген.

Буга чейин Киев менен батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын ишине кийлигишип жатат деп айыпташкан. Орусия болсо муну четке кагып, акылга сыйбай турган айыптоо экенин бир нече жолу билдирген.

Эске салсак, 26-ноябрда Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы да президенттин сунушун жактап, аскердик кырдаал киргизилген. Буга байланыштуу 29-ноябрдан тарта Украина менен Крымдын чек арасынан бир гана Украинанын паспорту менен өтүүгө мүмкүн.