Марал Радиосу

Милиция кызматкерлери жарандын 400 миң сомго жакын акчасын кайрып беришти

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ага милиция кызматкерлери шаардын тургунунун чоң суммадагы акчасын кайрып беришти. Бул тууралуу шаардык башкармалыктан кабарлашты.

Кызматкерлер Тилек Садыкбеков менен Мырзабек Турмахамбетовдун айтымында, 27-ноябрь күнү кечке жуук Кожомкул атындагы спорт сарайы тарапта бир жигит келип, үйдүн алдында эс учун жоготкон адам жатканын кабарлаган.

Кызматкерлер барып, тез жардам чакырышкан. Анын жерде жаткан 2 уюлдук телефонун жана капчыгын алып, жигиттин апасына телефон чалышкан.

Эс учун жоготкон жигиттин өздүгү такталып, 397 миң сом көлөмүндөгү акчасы жана телефону тургундун апасына берилген.