Марал Радиосу

Бүгүн эстрада жана фольклор ырчысы Элзар Өскөнбаеванын туулган күнү

Бүгүн 30-ноябрда эстрада жана элдик фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаеванын туулган күнү. Ырчы айым 1987-жылы Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Таш-Башат айылында жарык дүйнөгө келген.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм искусство окуу жайынын салттык музыка жана фольклор кафедрасында окуп, Замирбек Үсөнбаев жана Роза Амановадан сабак алган.

Эльзар Өскөнбаева «Аккан суу» дастанын айтып, «Эгиз жүрөк», «Агатайым», «Мага жар керек», «Кыз куумай» сыяктуу ырларды ырдап эл оозуна алынган. Азыркы учурда «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенет.