Марал Радиосу

Евробиримдик: Шенген визасын алуу жеңилдейт

Кыргызстандыктардын Европа өлкөлөрүнө баруусунда визалык жеңилдиктер болот. Бул тууралуу бүгүн Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтуусунда, Евробиримдик жаңы визалык кодекс даярдап жатат, анын негизинде бир топ бюрократиялык процесстер жеңилдейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга 45 өлкө визасыз режим менен кире алат. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, дагы он өлкөгө визасыз режим киргизүү сунушталууда.