Марал Радиосу

Мигранттардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунун тургундары

Иш издеп башка мамлекетке кеткен жардардын басымдуу бөлүгү Баткен облусунун тургундары. Бул тууралуу “Республика — Ата Журт” фракциясынын жыйынында Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, эмгек мигранттарынын ичинен 265 миңи Баткендин жараны, 227 миңи Жалал-Абад, 155 миңи Ош, 11 миң жаран Чүй облусунун жарандары.

Расмий маалыматтар боюнча, 750 миң кыргыз мигранты бар, алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка өлкөлөрдө.