Марал Радиосу

Кара-Балта газ экплуатациялоочу мекемеси реконструкцияланды

Кара-Балта газдык экплуатациялык кызматынын имараты реконструкцияланды. Оңдоп түзөө иштери “Газпром Кыргызстан” инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты.

Маалыматка ылайык, эски имарат 1973-жылы курулуп жараксыз абалга келип калган. Реконструкцияга жалпысынан 28 млн сом сарпталган.

Кара-Балта газ эксплуатациялоо имараты шаардын 5 миңдей калкын, ошондой эле “Каинды-Кант” шекер заводун, “Два Союза” айнек заводу сыяктуу чоң ишканаларды камсыздайт.

Суткалык керектөө бирикме жана калк үчүн 33 миң м3 түзсө, өнөр жай 108 миң м3 иштетет.