Марал Радиосу

Кара-Кечеде көмүр кенинде экинчи тараза орнотулду

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кенинде экинчи таразаны орнотту. Орусиялык электрондук тараза 2,5 млн сомго сатып алынган.

Учурда Кара-Кечеден суткасына 200-250 унаа көмүр ташууда. Жаңы орнотулган тараза машинелердин өтүүсүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

26-28-ноябрь күндөрү Кара-Кечеден 1148 унаа жана 150 оор жүк ташуучу унаа Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткиришти.