Марал Радиосу

Бишкек ЖЭБине 247 миң тонна көмүр ташылды

Бишкек жылуулук электр борборунда 247 миң 742 тонна көмүр бар. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, өткөн сутка ичинде жылуулук борбор тарабынан 5 млн, 750 миң кВт/с электр энергиясы иштелип чыккан.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек жылуулук электр борборунда авария катталып, шаар тургундары дээрлик бир жума жылуулуксуз калган. Буга байланыштуу бир топ жетекчилер камалган.