Марал Радиосу

Финансы министри канча айлык аларын айтты

Финансы министри Адылбек Касымалиев 24 миң сом айлык алат. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Министрликтин борбордук аппаратынын адисинин орточо айлык акысы 12 миң 250 сом, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери 8 миң сом алышат.

Мындан тышкары, өкмөттүн токтому менен эмгек стажына жараша ай сайын кошумча төлөмдөр түшүп турат.