Марал Радиосу

Прокурордун өлүмү боюнча жаңы жагдайлар

Баткен облусунун прокурору  Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө күнөөлү деп кармалган Мелис Калыков күнөөсүн мойнуна алды.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун түз тиешеси бар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тергөөдө Калыковдун прокурорду өлтүрүүгө тийиштиги бар экендигинин бардык далилдери бар.

-Тергөөнүн алкагында бардык иш-аракеттер жүргүзүлдү, ошондой эле кылмыш куралы алынып, бир катар экспертизалар болду. Учурда иш ар тараптуу иликтенип жатат. Буга чейин аталган кылмышка прокурорлордун тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар жарыяланган, бул маалымат азыр текшерилип жатат.

Мелис Калыков аталган кылмышка шектүү катары кармалып, коргоочу Сатаровдун көзүнчө кылмышты жасаганын мойнуна алып көрсөтмө берген. Шектүү өзү жана прокурор Мамажакыпов “Лексус” үлгүсүндөгү унаа менен кетишкенде, экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланганын айтып берген. Ошол кезде Калыков аябай мас абалда болгон.

Уруштун келип чыгуусуна мурда облус прокурору Калыковго кылмыш ишин козгой турганын айткан коркутуулары себеп болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн тескөө боюнча башкармалыгын башчысы Замир Бейшекеев билдирди.

Ага прокурор тарабынан кылмыш ишин козгой тургандыгын айткан коркутуулар Мамажакыповду өлтүрүүгө башкы себептердин бири болгон. Маркум прокурор тарабынан Калыковдун ишмердүүлүгү боюнча дайыма пландык жана пландык эмес текшерүүлөр жүргүзүлүп турган. Буга чейин Калыков 10 миң сом айыпка жыгылган, андан сырткары башка административдик иштер түзүлгөн. Ошондой эле ал кыйноого кабылган эмес.

Башкы прокуратуранын кызматкери билдиргендей, өлтүрүлгөн жана шектүү адамды кошкондо 8 адам “Лексус” жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалар менен мергенчиликке чыгышкан. Алар Баткен облусунун прокурорунун орун басарлары Арслан БайбосуновЭмилбек Ажибеков, Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчылары Алтынбек КожоназаровУланбек Эгембердиев, Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков жана борбордук арак-шарап чыгаруучу заводдун Баткен облусу боюнча өкүлү Базарбек уулу Эрнист болуп чыккан.

Бардык аткаминерлер кызматынан төмөндөтүү менен кызмат ордуларынан бошотулган. Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.

Калгандарынын кылмышка тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатат. Анын жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Буга чейин Мелис Калыков кыйноого алынганы тууралуу даттанып чыккан. Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун айтымында, шектүүдөн арыз келип түшкөн.

-Шектүүдөн менин атыма арыз келип түшкөн. Андан кийин борбордун Оштогу өкүлдөрүн Баткенге жибергенмин. Бирок кыйноо болду деп так айта албаймын. Кыйноого алындым деп даттанган жаранга медициналык билими бар адамды киргиздик. Ал стамбулдук протоколду толтурду. Аны жана арыздын түп нускасын Башкы Прокуратурага жиберебиз.

Калыковдун жакындарынын бири Гуламидин Абдырахманов шектүү күнөөнү мойнуна албаганын кабарлады.

Анын айтымында, карга карганын көзүн чукубайт болуп, Прокуратурага кылмышты Калыковго жүктөп койгон оңой болуп жатат.

-Алар окуя болгон күндөгү жагдайлар менен эле маалымат берип жатышат. Прокурор Калыковду текшергидей болуп деле иштей элек болчу. Жумушка келгенден кийин эле эмгек өргүсүнө чыгып кеткен. Экөөнүн ортосунда уруш чыкчудай деле маселе жок болчу. Анарбай менен өзүм дагы сүйлөшүп чыкканмын. Жакшы кадр келди деп ойлоп сүйүнгөнмүн. Ошондо Баткенде прокуратура системасы коррупцияга кирип кетиптир деп өзү айтып берген.

Анарбай Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп келгенде кесиптештери тарабынан бут тосуулар болуп келген деген маалыматтар айтылууда. «Элдик көзөмөл» коомдук биринкмесинин түштүк аймактар боюнча координатору Роза Маманова бут тосуулар боюнча маркумдун өзүнөн укканын айтып, аны бирге иштегендери эле өлтүрдү деп ойлойт.

-Мен Баткендеги коррупциялык иштер боюнча маселелерди көтөрүп келем. Бул боюнча фейсбукка да жарыялап жүрөм. Ошол маалыматтарды прокурор көрүп, мени кабыл алып, сөздөрүмдү уккан. Ошондо ал коллегалары тарабынан бут тосуулар болуп жатканын жана ишине тоскоолдуктар болгонун ачык айткан. Бул маалыматтарды аны көргөн киши катары айтам. Менин арыздарым боюнча ал киши акыркы жолу 19-октябрда чалганда сүйлөшкөнбүз.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Ал 20-ноябрда соттун чечими менен убактылуу кармаоочу жайга 2 айга камакка алынган.