Марал Радиосу

Дүйнөдөгү Сорос фонддору жабылууда. Себеби эмне?

Америкада жашаган жөөт ишкери Жорж Сорос түптөгөн «Ачык коом» фонддору дүйнөнүн эң чоң өлкөлөрүндө жабылууда. Буга анын көмүсө саясий-социалдык ишмердиктери себеп болууда. Бул тууралуу BBC түрк кызматы жазып чыкты.

Бул апта Соростун Түркиядагы фонду өз ишин токтотту. Буга өлкөдө бардык басылмаларда жана саясатчылардын сөздөрүндө Сороско карата каралоолордун көбөйүп кетүүсү себеп болгонун айтышууда. Түрк президенти Эрдоган өзү 2013-жылкы Стамбулдагы Гези паркындагы тополоңду уюштурган дегеп айып менен түрмөдө отурган Осман Каваланы венгриялык жөөт Сорос каржылап келген деген пикири эң акыркы чекитти койду.

Эң алгач бул фонд Соростун өзүнүн туулган жери Венгрияда ачылган. Бирок бүгүнкү күндө венгер бийлиги тараптан аталган фонддун ишмердигин чектеген «Соросту токтот!» программасы ишке кирип, анын сырдуу иштерине каршы белгилүү чаралар киргизилди. Анткени Жорж Сорос Европага мигранттарды алып кирүүнүн көмүскө жолдорун уюштурууга шектелүүдө.

Мындан сырткары АКШ, Англия, Орусия жана Польша сыяктуу өлкөлөр бул фондду масондук саясатты жүргүзүү, мамлекеттик сырды ачуу, христиан динине душмандык кылуу боюнча айыптан, ишмердүүлүгүн жаптырып же чектөө коюшкан. Ал эми Сорос фонду эң активдүү иш алып барган аймактар Орто Азия, Африка жана Түштук Америка өлкөлөрү болуп саналат.